Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Жусубалиев: Сокулукта улут аралык араздашуу жок


Жаңы жылдын алгачкы күндөрү, 2-январда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында болгон мушташта улут аралык араздашуу жок. Бул тууралуу бугүн "Азаттыкка" Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, үч кыргыз жана даргин улутундагы өспүрүм балдар мушташа кетишкен. Бирок мушташка алардын улуту себеп болгон эмес. Бул балдардын арасында күндө боло жүргөн чатакатардын бири. Уруш ошол жерден эле басылган.

Кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик, милиция калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мушташтан жарадар болуп ооруканага жеткирилгендер болгон жок.

"Аларды камакка алууга негиз жок. Улуттар аралык келишпөөчүлүк же чыр-чатак болду деген жаңылыштык. Кооптонууга негиз жок", - дейт Жусубалиев. (RK)

XS
SM
MD
LG