Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Бишкекте кумарканаларга каршы акция өтөт


Бүгүн Бишкектин борбордук аянтында кумарканалардын жабылбай жатканына нааразы болгондордун митинги өтөт.

Кумарканалардын жабылышын талап кылган демилгелүү топтун нааразылык акциясы 4-январда да өткөн болчу. Ага 50дөй киши катышкан. Алар кумарканалардын жабылышы тууралуу мыйзамга карабай, Бишкекте да, Ошто да көптөгөн ири кумар оюнканалары дагы эле иштеп жатканын айтышкан. Буга өзүлөрү күбө болуп келишкен.

2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр күздө кабыл алып, ага президент кол койгон. Кумарчы болуп кеткен кыргызстандыктардын жакындары өкмөткө, парламентке бир нече ирээт кайрылып, кумарканаларды жабуу талабын коюп келишкен. Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент бир добуштан колдоп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG