Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Энеси сатып жиберди делген ымыркайдын дени сак


Көлдүн Ак-Суу районунда энеси 10 миң сомго сатып жиберди делген ымыркайдын ден соолуугу жакшы, кандайдыр бир өзгөчөлүктөр жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жаңыл Качаганова билдирди. Анын айтымында, ымыркайды төрөт үйүнөн чыгарылгандын эртеси, андан кийин 3-январда барып текшеришкен. Бүгүн да наристенин саламаттыгын карап келишти.

Качаганованын маалыматына караганда, баланын энеси Теплоключенка айылынын тургуну Наргиза 24-декабрда төрөт үйүнө мас абалында келип түшкөн. 28-декабрда салмагы 3 270 грамм уул төрөп, Нурбек деп ат коюп күбөлүгүн алган. Бирок 3-январда текшергени барганда бала башка үйдө, Назгүл аттуу айымдын колунда экени аныкталган. Кичинекей Нурбекти азыр деле Назгүл айым багууда.

Ысык-Көл облусунда адам сатуу фактысы катталганын “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Руслан Балапанов 5-январда билдирген. Милициянын билдиришинче, Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын тургуну Наргиза аттуу 26 жаштагы келин райондук төрөт үйүнөн уул төрөгөн. 30-декабрда үйүнө кайтып келип, ошол эле айылдын тургуну 38 жаштагы Назгүл аттуу аялга ишеним кат жазып, баласын 10 миң сомго сатып жиберген. Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтей башташканы кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG