Президент Алмазбек Атамбаев Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен кыргызстандык православ христандарды куттуктады. 7-январда белгиленчү бул майрамга карата куттуктоо катын Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков да жолдоду. Өлкө башчысы Атамбаев Кыргызстандагы православ христиандардын мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп, тынчтык, биримдик каалады. Парламент төрагасы депутаттардын атынан жолдогон куттуктоосунда православ христандардын ынтымак ырашкерликке, жанындагыларга кайрымдуу, боорукер болууга умтулуусуна тилектештик билдирип, мындай умтулуу коомдук өнүгүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенээрин айтты. Кыргызстанда салттуу дин катары мусулманчылык жана православ христандык эсептелет. (RK)