Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Казакстанда журналист эркиндик алды


"Алма-Ата Инфо" гезитинин редактору Рамазан Есергепов Тараз шаарындагы түрмөдөн бошонуп чыкты. Укук коргоочу «Журналисттер» уюмунун президенти Розлана Таукинанын билдиришинче, Есергеповду түрмөнүн дарбазасынан кесиптештери, жоро-жолдош, туугандары тосуп алып, дароо Жаңы Өзөндө набыт болгондорду эскерүү үчүн шаардагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган эстеликке барышты.

Рамазан Есергепов 2009-жылы август айында, үч жылга эркинен ажыратылган. Есергепов жетектеген гезитте андан алдыңкы жылы белгилүү ишкер, "арак падышасы" саналган Султан Махамовго байланыштуу бир катар макалалар жарык көргөн. Сот Есергеповду «мамлекеттик жашыруун сырды жарыялаган» деген кине менен эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG