Сириянын мамлекеттик телеканалы башкалаанын борбордук Майдан бөлүгүндө болгон жардыруудан канжалап жаткан кишилерди көрсөтүп, жардырууну террорчулар уюштурду деп айыптады. Сириялык САНА кабар агенттиги өлгөндөр арасында коопсуздук кызматкерлери да бар экенин кошумчалайт. 10 айдан бери Сирияда президент Башар Ал-Ассаддын режимине каршы элдик толкундоолор уланууда. Андагы кагылышуулардан Улуттар уюмунун эсебинде, 5000ден ашуун киши жантаслим болду.