Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Тимошенконун күйөөсү Чехиядан саясий башпаанек алды


Чехия өкмөтү түрмөдө отурган украин экс-премьер-министри Юлия Тимошенконун күйөөсүнө саясий башпаанек тартуулады. Олександр Тимошенко ушундай арыз менен кайрылганын жума күнү Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг журналисттерге ырастаган эле. Ал тапта Киевде "мамлекеттик кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп күнөөлөнүп, жети жылга эркинен ажыратылган экс-премьер Юлия Тимошенконун тарапкерлери жума күнү ал отурган абактын жанында нааразылык акциясын өткөрүп, анын бошотулушун талап кылышты.

XS
SM
MD
LG