Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Пан Ги Мун Иран жана АКШны мунасага чакырды


Бириккен Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы чыңалууну жеңилдетүүгө чакырды. Вашингтон-Тегеран ортосундагы “жаакташуу” Иран жакында Кошмо Штаттарга деңиз кемелери Ормуз кысыгына кайра келбесин деп эскерткенден кийин курчуган.

Пан Ги Мун эки тарапты региондогу кырдаалды курчутпай, карама-каршылыктарын чечүү үчүн бар жакшы ыкласын көрсөтүүгө үндөдү жана "Ирандын милдети - ядролук программасы тынчтык гана максатын көздөгөнүн далилдөө" деди. Ошондой эле Тегеранды Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин талабына ылайык, уранды байытууну токтотуусун сурады. Иран Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарбаганы үчүн БУУ төрт ирет өлкөгө санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG