Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Патриарх Кирилл Кремлди элди укканга чакырды


Орус ортодокс чиркөөсүнүн башчысы, Патриарх Кирилл Орусия өкмөтүн көчө жүрүшүнө чыккан демонстранттардын үнүн угууга чакырды. Патриарх Кирилл Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоого байланыштуу берген телеинтервьюда “өкмөт коом менен диалогго барып, өз багытын тууралап алса, жакшы болорун” айтты.

Акыркы жумаларда декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жана премьер-министр Путиндин башкаруусун токтотууну талап кылып, он миңдеген орусиялыктар катышкан эки демонстрация болду. Үчүнчү демонстрация 4-февралга мерчемделген. Марттагы шайлоодо Владимир Путин дагы алты жылга президент болууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG