Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Араб Лигасы Сириядагы миссиясынын ишин талкуулайт


Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери бүгүн араб өлкөлөрү аралык миссиянын Сириядагы ишине баа берет. Миссия Сирияда он айдан бери жүрүп жаткан элдик чыгууларды кан төгүп басууну токтото албады деп сындалууда. Сириянын оппозициячыл күчтөрү Араб Лигасын анын миссиясы вазийпасын аткара албаганын мойнуна алууга чакырып, Сириядагы кырдаалды жөндөөнү Улуттар Уюмуна өткөрүп берүүнү сунуш кылууда.

Ишемби күнү Дамаскиде бомба чабуулунан набыт болгон 26 адамдын сөөгү жерге берилди. Сирия өкмөтүнүн маалымдашынча, бомбаны жанкечти жардырган.

XS
SM
MD
LG