Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Ахмединежад Латын Америкага жөнөп кетти


Иран президенти Махмуд Ахмединежад 8-январда Латын Америкага беш күндүк ырасмий сапарга учуп кетти. Ахмединежад аттанар алдында бул өлкөлөр Кошмо Штаттардын “кысымына каршылык көрсөтүп, анти-колониалдык көз карашты бөлүшкөнүн” айтты. Иран лидери Каракаста өзүндөй эле АКШны үзбөй сындап жүргөн Венесуэланын президенти Хуго Чавес менен эки өлкө арасындагы саясый-экономикалык кызматташуу жөнүндө сүйлөшөт деп күтүлүүдө. Никарагуада Ахмединежад кайра шайланган президент Даниэл Ортеганын инагурациясына катышат. Ал ошондой эле Эквадор менен Кубада да болот. Визит алдында ырасмий Вашингтон латын америкалыктарды Иран менен кеңири кызматташпаганга чакырды.

XS
SM
MD
LG