Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери бүгүн араб өлкөлөрү аралык миссиянын Сириядагы ишине баа берет. Миссия Сирияда элдик чыгууларды кан төгүп басууну токтото албады деп сындалууда. Сириянын оппозициячыл күчтөрү Араб Лигасын анын миссиясы вазийпасын аткара албаганын мойнуна алууга чакырып, Сириядагы кырдаалды жөндөөнү Улуттар Уюмуна өткөрүп берүүнү сунуш кылууда.
Кабарларга караганда, Каирдеги жыйында Араб Лигасынын миссиясын Сириядан чакырып алуу жөнүндө сөз болбойт.
Оппозиция активистери 8-январда Дераа провинциясындагы кагылышта 11 аскер катардан чыкканын билдиришти. БУУнун эсебинче, Башар Ассаддын режимине каршы он айдан бери жүрүп жаткан козголоңдо 5 миңден көп адамдын каны төгүлдү.