Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Кумарканалардын жабылып-жабылбаганы текшерилет


Бүгүн Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы Кыргызстанда казинолор жана оюн автоматтары жайларына тыюу салган мыйзамдын аткарылышын карайт. Аталган кызматтын өкүлү Рустам Жоробековдун “Азаттыкка” айтымында, жыйында буга чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыгарылат. Аталган мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирген.

Ушул эле күнү кумарканалардын айынан жабыр тарткандардан турган демилгелүү топ Ош жана Бишкек шаарларындагы казинолорду кыдырып, жабылып-жабылбаганын текшерүүнү улантат. Бул тууралуу жабыркагандардын бири Айгүл Токторова “Азаттыкка” кабарлады.

Буга чейин Каржы полициясы казинолордун жабылып-жабылбаганын текшерүү үчүн ыкчам-иликтөө топ түзгөн. Рейд учурунда Бишкек шаарындагы “Вулкан” жана “РИО” деп аталган казинолор мыйзам тыюу салганына карабай иштеп жатканы аныкталып, жабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG