Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Улут аралык мамилелер боюнча жыйын болот


Бүгүн Кыргызстан калкынын ассамблеясы улут аралык мамилелерди жакшыртуу жолдорун талкуулайт. Ассамблея төрагасы Бектемир Мурзубраимовдун “Азаттыкка” айтымында, жыйынга Кыргызстандагы бардык улуттук диаспора жетекчилери катышмакчы. Ушул эле маселени 12-январда Президенттик аппараттын этностук жана диний саясат бөлүмү талкууга алары күтүлүүдө.

Чүй облусунун аймагында соңку он күн ичинде өспүрүмдөр арасында эки ирет этнос аралык мушташ катталган. Өткөн жылдын 26-декабрында Маевка айылындагы кыргыз жана кавказ улуттарындагы окуучулар ортосунда мушташ чыккан. 2-январда Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында да кыргыз жана кавказ улутундагы өспүрүмдөр мушташкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG