Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Израил быйыл Коргоо тармагына көбүрөөк каражат бөлөт

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху быйыл Израил Коргоо тармагынын керегине кошумча 3 млрд.шекел (780 млн.доллардай) бөлөөрүн айтты. Өткөн жылы Израил коопсуздукту камсыз кылууда туш болгон проблемаларга токтолуп, өкмөт-башчы коргоо тармагынын бюджетин кыскартуу чоң ката болмок деди.

France-presse маалымат агенттигинин кабарына караганда, былтыр Израилдин коргоо тармагынын бюджети 14 млрд.долларды түзгөн жана анын 3 млрд.дын АКШ жылына берилчү жардам катары бөлгөн. Соңку мезгилдерде Израилдин Түркия, Египет менен мамилеси начарлап кетти. Анын үстүнө азыр ал Ирандын өзөктүк программасынан да чочулап турат.
​
XS
SM
MD
LG