Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу зонасындагы Күйөө-Таш айылында малдын шарп ылаңы күчөп барат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган айылдын тургуну Токтомуш ажы Мырзабай уулу кабарлады. Анын айтымында, "дарылоо да, эмдөө да жүргүзүлгөн жок, малчылар эптеп өзүлөрү дарылап жатышат". "Азаттык" Мамлекеттик ветеринария департаментине бул маалыматты тактоо үчүн кайрылып, азырынча жооп ала элек.
Өлкө боюнча 6 миңдей ири мүйүздүү бодо мал шарпка кабылганын былтыр ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлаган. 62 аймакта шарптын белгилери катталган. Атайын вакцина алуу үчүн 10 миллион сом бөлүнгөнү, илдеттин таралышына жол бергендер жазаланаарын өкмөт эскерткен.
Шарп ача туяктуу малдын ылаңы. Анын 7 козгогучу бар. Кыргызстанда 2 тиби катталган. (RK/KKs)