Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Өкмөт KG унаа номурларын чектейт

Өкмөт KG белгиси бар унаа номурларын пайдаланууга чектөө коёт. Бул тууралуу бүгүн өткөн жыйында премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, өкмөттө KG номурлуу унаалардын саны 21ден ашпайт. Мындай унаа минүүгө министрлер жана вице-премьерлер гана укуктуу болот. Калгандарынын кызматтык унааларынан KG белгилер алынат. Өткөн жылдын соңунда парламенттин мурдагы жетекчиси Ахматбек Келдибековго карата мындай номурларды туш келди таратты деген дооматтар коюлган. (RK)
​
XS
SM
MD
LG