Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

АКШ Венесуэланын дипломатын өлкөдөн чыгарууда


Мамлекеттик департаменттин жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, алар Венесуэланын Майами шаарындагы башкы консулу Ливия Акоста Ногуэраны персона нон грата деп жарыялады жана дипломатиялык эрежелерге ылайык, өлкөдөн шейшемби күнгө чейин чыгып кетүүсүн буюруду.

Венесуэла дипломатынын чыгарылып жатышы боюнча АКШ тарап расмий түшүндүрмө берген жок. Бирок ырасталбаган маалыматтарга караганда, ал АКШ өкмөтүнүн компьютердик түйүндөрүнө кибер чабуул жасоо боюнча Иран колдогон кутумду башкалар менен талкуулаган. Мындай ырастоо берүүлөр испан тилинде таратуучу Univision телеканалы обого чыгарган документалдык фильмде айтылган эле.

Венесуэланын Вашингтон менен мамилеси начар президенти Уго Чавестин өкмөтү дипломатынын АКШда чыгарылуусуна карата реакциясын билдире элек. Бул жаңылык Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Венесуэладагы сапарын баштаган кезде белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG