Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Депутаттар абактагы ачкачылык боюнча маалыматты териштиришти


Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковдун өткөн жылдын декабр айында абактардагы ачкачылык боюнча журналисттерге берген маалыматын териштиришти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Байзаковдун айтымында, анын «ачкачылыктар Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековдун кызматтан кетүүсүнө байланыштуубу?» деген суроого жообун журналисттер бурмалап жиберишкен. Бул суроого жооп берип жатып ал ыкчам маалыматтарга таянганын айтты.

Жыйынтыгында депутаттар Байзаковдун айткан маалыматы негизсиз жана чындыкка жатпайт деп таанылсын деген чечим кабыл алышты.

13-декабрда Кыргызстандагы 7 абакта соттолгондор ачкачылык жарыялашкан. Айрым маалымат каражаттары Байзаковго шилтеме жасап алар Келдибековдун кызматтан кетүүсүнө нааразы болуп жатканын жазып чыгышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG