Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Каракол: Отунбаева мектеп окуучулары менен жолукту


Ысык-Көл облусунун район-шаарларынан келген окуучулар Караколдун лыжа тепчү базасында эс алып жүргөн экс-президент Роза Отунбаева менен жолугушканын бүгүн "Азаттыкка" ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ал жакка окуучулар "МАИ бизге кам көрөт!" деген ураан астында өткөн сынактан кийин эс алууга барышкан. Отунбаева: «Спортту өздөштүрүп эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын атын алыска даңазалаган спорттун чеберлеринен болгула»,-деп тилегин айтты.

Сынакка 8 команда катышты, спорттук жана чыгармачыл таймаштар болду. Максаты мектеп окуучуларынын арасындагы рэкетке, зомбулукка бөгөт коюу, балдарга баңгиликтин зыянын түшүндүрүү, аларды спортко, жол эрежелерин сактоого үндөө болчу. Бир да команда белексиз калган жок. Жол кыймылынын жаш инспекторлору айдоочуларга коопсуз кыймыл боюнча китепчелерди таратышты. (RK)

XS
SM
MD
LG