Кыргызстандык таамай атуучулар быйыл Лондондо өтүүчү дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Таамай атуу федерациясынан кабарлашты. 11-22-январда Катардын Доха шаарында өтүүчү чемпионатка 4 кыргызстандык таамай атуучу катышат. 31-декабрда Кувейтте өткөн эл аралык таймашта кыргыз спортчулары 5 алтын, 4 күмүш медал алып келишкен. (RK)