Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Чеченстандагы урушта Орусиянын төрт аскери мерт болду


Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, исламчыл согушкерлер менен уруштан төрт жоокер ажал тапкандан тышкары, операция учурунда он алты аскер жана полициячы жаракат алган. Расмий маалыматка караганда, федералдык күчтөр козголоңчуларды Чеченстандын тоолуу бөлүгүндө бекинген жеринен сүрүп чыгарууга аракеттенишкен.

Ырасталбаган маалыматтар боюнча, уруш учурунда төрт согушкер, анын ичинде полициячыларга ок ачкан согушкер жок кылынды.

Орусия Түндүк Кавказдагы козголоңчулар менен 1991-жылы Советтер Союзу кыйрагандан бери күрөшүп келүүдө.

XS
SM
MD
LG