Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

Германияда АКШ аскер кызматчыларын аткан жигитти өмүр бою түрмөгө кесүү суралды


Арид Ука адвокаты менен сот залында. 9-январь, 2012-жыл.
Арид Ука адвокаты менен сот залында. 9-январь, 2012-жыл.
Теги боюнча косоволук Арид Ука 2011-жылдын март айында, Франкфурт шаарынын аэропортунда ок ачканда АКШнын Ооганстанга бара жаткан эки аскер кызматчысы мерт болуп, дагы экөөсү жаракат алган.

Германиянын аны өмүр бою түрмөгө кесүүнү суранган прокурорлору Арид Уканын жогорудагы кылмышка баруусунун жүйөөсү - ислам экстремизми деп эсептешет.

Бирок тергөөчүлөрдүн пикиринде, жыйырма бир жаштагы Арид Ука кандайдыр бир террордук уюм менен байланышта болгон эмес, өз алдынча гана аракеттенген.

Франкфурт шаарынын соту бул кылмыш иши боюнча өз өкүмүн 19-январда чыгарары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG