Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Пакистан министри мурдагы президент камаларын эскертти


Первез Мушараф Пакистанга “конор замат” камаларын өлкөнүн ички иштер министри Рехман Малик Германиянын ДПА жаңылыктар агенттигине айтты. Ага чейин Первез Мушараф мекенине кайтууну көздөп жатканын кечээ Карачи шаарында топтолгон миңдеген жактоочуларына Дубайдан видео байланыш аркылуу кайрылган кезинде билдирген.

Мушарафтын айтымында, ал өзүнүн жакында түзүлгөн “Бүткүл Пакистандын мусулман лигасы” партиясын 2013-жылга белгиленген парламенттик шайлоого баштап барууну көздөөөдө.

Ал бийликке 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу жеткен. 2008-жылы кызматтан чегинип, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин Пакистанды оболу аскерий диктатор, кийинчерээк жарандык президент катары башкарган.

Ага мекенинде бир катар дооматтар коюлуп, анын ичинде 2007-жылы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бухуттонун коопсуздугун камсыздай алган эмес деп айыпталууда.

Первез Мушарафтын өкүлү Пакистандын ички иштер министринин ал мекенине кайтса камалары жөнүндөгү эскертүүсүн четке какты.

XS
SM
MD
LG