Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Казакстан менен Өзбекстандан алынчу газ көлөмү макулдашылды


"Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев
"Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев
Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Анын айтымында, казак тарап 1000 кубметр көгүлтүр отко 281 доллар деген мурдагы баасын түшүрдү:

- Азыр 224 доллардан сунуш кылышууда, бирок биз аны да кымбат деп жатабыз. Былтыр баа 195 доллардан эмес беле, биз ушул бааны суроодобуз. Өзбек туугандар менен алынуучу газдын көлөмүн чечип алдык, ал эми баасы ушул жумада аныкталуусу мүмкүн. Өзбекстандан 100 миллион кубметр, Казакстандан 200 миллион кубметрге чейин газ алынат. Ташкент былтыркы жылдын 4-чейрегинин европалык формула менен аныкталган баасын 1000 кубметрине 305 доллар деп сунуш кылган. Биз бааны ылдыйлатууну суранып жатабыз.

Кыргызстан Өзбекстандан көгүлтүр отту мурда түз гана сатып алып келсе, өзбек газын Казакстан аркылуу сатып алуу маселеси казак-кыргыз өкмөт башчыларынын былтыр сентябрда Бишкектеги жолугушуусунда талкууланып, ошол айдын соңунда 1000 кубметр газды 195 доллардан сатып алууну караган алгачкы келишим түзүлгөн болчу. Эксперттер ал келишимди утурумдук деп гана баалашкан.

Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, 2012-жыл үчүн расмий келишимдер түзүлө электигине карабай, көгүлтүр от Кыргызстанга азыр баштапкы макулдашуулардын негизинде келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG