Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Кыргызстан менен Өзбекстан газ баасын быча элек


Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ташкен менен газдын көлөмү тууралуу келишимге кол коюлду, бирок баасы бычыла элек, ушул жумада дагы сүйлөшүүлөр болот.

Жаңы келишимге ылайык, Кыргызстан быйыл Өзбекстандан 100 миллион куб газ алат. Былтыр Ташкен 200 миллион куб берген болчу. Кулмурзаев газдын калганы Казакстандан алынаарын, бирок Астана менен да газдын баасы боюнча келише албай жатышканын маалымдады.

Кыргызстан былтыр Өзбекстандан газдын бир миң куб метрин 305, ал эми Казактандан 195 доллардан алган. Маалыматка караганда, Астана азыр газдын баасын 281 долларга көтөрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG