Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Франция менен Британия Иранды уран байыта баштаганы үчүн айыпташты


Париж менен Лондондун тышкы иштер боюнча мекемелери Иран Кум шаарына жакын жерде уран байытчу тоо койнундагы заводду иштете баштаганын “провокация” деп аташты. Алар расмий Тегерандын аракеттерин “жоопкерсиздик” деп, иран бийликтери эл аралык мыйзамдарды орой бузуп жатышат дешти.

Иранда уран байытыла баштаганы тууралуу кабарды кечээ Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да ырастаган. Сөз урандын 20% чейинки деңгээлде байытылып жатканы тууралуу болуп жатат. Иран аны жайчылык максатта отун катары колдонуш үчүн байытып жатканын айтууда, бирок адистер 20% чейин байытылган уран атом бомбасы үчүн колдонууга оңой болуп калат дешет.

XS
SM
MD
LG