Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Эрдоган: Сирияда жарандык согуш тутанып кетиши мүмкүн


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сирияда жарандык согуш тутанып кетиши мүмкүн деп эскертти. Кечээ Анкарадагы маалымат-жыйынында Эрдоган кайрадан Сириянын президенти Башар ал-Ассадды “өз элин кырып жатат” деп айыптады. Эрдоган Сириядагы конфликтти чечүүдө Түркия башкы ролду өзүнө алууга даяр экенин белгиледи.

Андан бир күн мурда Арап лигасы расмий Дамаскка кайрылып, лига жиберген байкоочуларга Сирияда миссиясын аткарууга зарыл шарттарды түзүп берүүгө чакырган эле. Байкоочулар өлкөгө киргени менен, адам өлтүрүүлөр уланып жатат деп, Сириянын оппозициясы лиганы сындаган болчу. Бирок арап байкоочуларын Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүнө алмаштыруу боюнча оппозициянын чакырыгын лига четке какты.

XS
SM
MD
LG