Украинада камакта жаткан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун күйөөсү эмне үчүн Чехиядан саясий башпаанек сураганын “Азаттыкка” айтып берди. Александр Тимошенконун айтымында, Чехиядан башпаанек алышына Украинадагы авторитардык режим себеп болгон. “Януковичтин режими менин жубайымдын тирүү болушун каалабайт, аны жок кылгысы келет”, - деди АТимошенко.
"Мен Украинадан кетүүгө мажбур болдум. Буга президент Януковичтин режиминин такай жүргүзүлгөн басымы себеп болду, - деди А.Тимошенко. - Бийликтер эч кандай ыплас аракеттерден уялышпайт. Алар Юлия Тимошенкону соттоп да, кодулап да, коркутуп, кыйнап да сындыра албай коюшту, ошондуктан ыплас аракеттерге чейин барышты. Алар Юлияга таасир этиш үчүн менин жана үй-бүлөбүздөгү башка адамдардын артынан түшүп алышты. Мындан ары мени алар оппозициянын лидерине каршы колдоно турган курал катары көрүшүн каалабайм. Мен үчүн саясий башпаанек – максатыма жетүүнүн жалгыз жолу болду".
Ал жакында Украинадагы адам укуктарынын абалына көз салчу жана бийликтердин ишине баа берчү коомдук уюм түзгөнү жатканын да кабарлады.