Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Жаштар түрк жаранынын соту боюнча митингге чыгышты


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында элүүдөй адам чогулган митинг өттү. Кабарчыбыздын маалымдашынча, бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Түркиянын жараны Гүнеш Йылмазга карата сот ишинин акыйкат өтүшүн, кошумча иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышты. Алар "Гүнеш Йылмаз өз өлкөңдү шылдың кылдың!", "Абийирибизди акчага сатпайбыз", "Соттор абийирдүү карагыла" деген жазууларды алып чыгышты.

Бишкектин "Бета Сторес" супермаркетиндеги чатак боюнча соттук иш бүгүн каралмак, бирок 12-январга жылды. Сатуучу Чолпон Орузбаева өткөн жылдын июнь айында ур-токмокко кабылган. Аны сабады деп “Бета Сторестин” кызматкери, түрк жараны Гүнеш Йылмазга айып тагылган. Райондук милиция Йылмазды камакка алыш керек десе, шаардык сот тил кат алып коё берген болчу. Йылмаз ошол бойдон издөөдө жүрүп кыргыз-казак чек арасынан кармалган. 14-октябрда казак полициясы аны кыргызстандык милицияга өткөрүп берген. Бирок Гүнеш Йылмаз өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG