Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

11-январга карата аба ырайы


11-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16,
Тоолордо түнкүсүн -25...-30, ал эми күндүз -11...-16 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9 градус суук, күндүз 4...6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG