Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы камакка алынды


Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Азамат Дүйшөнбаев Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын бүгүн "Азаттыкка" Каржы полициясынан кабарлашты. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин заказы боюнча дипломдорду даярдоо укугун алуучу ишкананы тандоодо мыйзам бузган деп шектелүүдө. Тендердик комиссиянын жетекчиси катары ал сатып алуулар бөлүмүнүн чечимин эске албай, 8,5 миллион сомго кымбат келген ишкананы тандап алганы айтылууда.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул окуя боюнча азырынча маалымат берүүдөн баш тартууда. "Өз комментарийибизди жазып жатабыз, качан таратаарыбызды айта албайбыз", - дешти аталган мекеменин маалымат кызматынан. (RK)

XS
SM
MD
LG