Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Батыш: Иран эл аралык мыйзамдарды бузду


Ирандын түпкүрдө уранды байыта баштаганын Кошмо Штаттар, Британия жана Франция эл аралык мыйзамдарды бузуу деп сындашты. Ирандын "Фордо" ишканасында уран 20 пайызга байытыла баштаганын дүйшөмбү күнү БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги-МАГАТЭ билдирген. Маалыматтарга караганда, мындай уранды ядролук бомбага пайдалануу көп кыйынчылыкты туудурбайт. Ирандын бул кадамын Франция сындап, өз өнөктөштөрү менен чогуу Иранга каршы контр-чара көрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Британия Ирандын сапаттуу уранды өндүрө баштоосун “бузукулук” деп атады.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлүнүн сөзүнө караганда, Ирандын бул аракети Тегерандын ядролук программасы боюнча эл аралык коомчулук менен араздашуусун дагы курчутат.

XS
SM
MD
LG