Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Пакистан армиясы 30 аскерин жоготту


Пакистандын түндүк батышында бомба чабуулунан анти-талиптик ыктыярдуу отряддын 30 мүчөсү катардан чыкты. 25тен ашуун адам жарадар болгону маалымдалды. Күбөлөрдүн бири: “Менин атым Амирулла Хан. Катуу жардыруу болгондо мен машинеде отургам. Айдоочу, мен, дагы көптөгөн адамдар жараат алдык”,-деди “Азаттыкка”. Адегенде 25 аскер курман болгону кабарланган.

Жардыруу уруулардын башкаруусундагы Хайбер аймагындагы Жамруд шаарындагы автобекеттин жанында болду. Полициянын маалымдашынча, согушчандар алыстан башкарылчу минаны жардырган сыяктуу.

XS
SM
MD
LG