Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Республикачыл талапкерлер Нью-Хэмпширде беттешет


Бүгүн АКШнын түндүк чыгышындагы Нью-Хемпшир штатында республикачылар партиясынан президенттикке талапкерди тандоо боюнча алдына ала шайлоо - праймериз болот. Праймеризде 12 талапкер күч сынашат.

Соңку сурамжылоолорго караганда, Массачусетстин мурдагы губернатору Митт Ромни добуштардын көбүн алышы мүмкүн. Ромни өткөн аптада Айова штатындагы кокус шайлоодо республикачыл делегаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон.

Атаандаштары бүгүн Митт Ромнини ири компанияны жетектеп турганда жумуш орундарын кыскартып, кирешени көбөйткөнүн айтып сындашат деп болжолдонууда. Техастык конгрессмен Рон Пол, Кытайдагы мурдагы элчи Жон Хантсмен, пенсильваниялык экс-сенатор Пик Санторум, Өкүлдөр палатасынын мурдагы төрагасы Ньют Гингрич, Техастын губернатору Рик Перри да республикачылар арасында популярдуу экенин сурамжылоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG