Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Бабанов: Былтыркыдан 3 млрд. сомдой артып калды


Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу быйыл мамлекеттик казына эсептерине былтыркыдан 3 миллиард 314 миллион сом артып калды. Бул тууралуу өкмөттүк жыйында премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдын башында бул көрсөткүч 1 миллиард сом, 2009-жылы 756 миллион сом болчу.

Бабановдун айтымында, былтыр улутташтырылган объекттерди сатуудан кошумча каражат түшөөрү, ЕврАзЭСтин Антикризистик корунан 106 миллион доллар келээри күтүлгөн. Бирок бул долбоорлор ишке ашпай калды, акча түшкөн жок. Ошого карабастан бюджеттен каржылоо иши толугу бойдон аткарылды, үзгүлтүккө учураган жок, мугалимдер, доктурлар жана социалдык тармактын кызматкерлеринин маяналары толук төлөнүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG