Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Нарындык жаштар лидерликке үйрөнүштү

Нарын облусунда жаштарды лидерликке, жергиликтүү маселелерди чечүүгө катышууга үйрөткөн долбоор жыйынтыкталды. Өнүктүрүү саясат институтунан "Азаттыкка" кабарлашкандай, жаштар кеңеши, студенттер, демилгелүү топтордун өкүлдөрү болгон 25 улан-кыз катышты. Жаштарды колдоо боюнча өзүлөрү иштеп чыккан чакан долбоорлорду ишке ашырууга каражат алышты. Жаштар саясатын жакшыртуу боюнча аналитикалык документ иштеп чыгып, бийликтегилерге жолдошту. "Сорос-Кыргызстан" фонду каржылаган бул долбоорго катышуу үчүн сынак Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарынын арасында былтыр октябрда жарыяланган. Сынакка келип түшкөн 32 арыздын 18и Нарындан болгондуктан, нарындык жаштардын демилгелерин колдоо чечими кабыл алыган. (RK)
​
XS
SM
MD
LG