Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Акыйкатчы Аскаровдун тарапкерлерин чогултат


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыраган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тарапкерлерин чогултат. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууга укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын лидерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.

"Аскаровдун укугун коргоо маселелери талкууланып, мындан аркы биргелешкен аракеттер боюнча пикир алмашуу болот", - деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө. Акыйкатчынын "Азаттыкка" билдиришинче, жолугушуу 13-январда анын иш кеңсесинде өтөт.

Аскаровду коргоо боюнча эл аралык комитет түзөөрүн акыйкатчы 28-декабрда Аскаров жаткан №47 абакты кыдыруусу учурунда журналисттерге айткан.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июн коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деген.

Бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Аскаровго карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, Аскаровго каршы көрсөтмөлөр коркутуп-үркүтүү, кыйноо жолу менен алынганын, мыйзам бузуулар болгонун айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG