Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Словакиядан ВИЧке каршы бекер дары-дармек келди


Кыргызстанда ВИЧ жуккан балдарга бекер дары-дармек таратылат. Мындай жардамын Словакиядан келген дарыгерлер беришүүдө. Бүгүнтөн тарта алар Ош шаарында бир нече жолугушуу өткөрүп, ВИЧке кабылган балдарды карап, кеп-кеңешин беришет. Бул кайрымдуулук акциясы Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясы тарабынан уюштурулуп жатканын бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Словакиялык адистер Ноокат, Кара-Суу райондоруна да барышат.

Баласына дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан энелердин бири "Азаттыкка" билдиришинче, жергиликтүү дарыгерлер ВИЧ жуккан балдарды кодулашат, кемсинтишет. Бул тууралуу энелер Бишкекке келип митингге чыкканда, парламентте депутаттар менен жолукканда бир нече ирээт айтышкан.

Дарыгерлердин айынан балдары ВИЧке кабылган 12 эне былтыр 14-ноябрда Оштон Бишкекке келип, өлкө жетекчилиги алдына 5 социалдык талап коюшкан. Бирок бул талаптардын бири да азырынча аткарыла электиги айтылууда.

Учурда ВИЧке чалдыккан балдардын саны Кыргызстанда 283, алардын 191ине ВИЧ дарыгерлердин шалаакылыгынан жуккан. Көпчүлүгү Ош облусунда. (RK)

XS
SM
MD
LG