Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнө караштуу Көпүрө-Базар айылын суу каптоо коркунучу жоюлду. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди.
10-январда Көпүрө-Базар айылынан өтүүчү Талас дарыясынан чыккан “Солто” жана “Жаңы-Арык” каналдарынын башы жабылбай калгандыктан жана катуу сууктун кесепетинен суу тоңуп, айылды каптап кетүү коркунучун туудурган. Каналдарды муздан тазалоого жергиликтүү эл тартылып, муз талкаланып, ошол эле күнү суу өз нугуна бурулду. (RK)