Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Батыровдун сотуна күбөлөр келбей жатышат


Бүгүн Жалал-Абад облустук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров менен бирге айыпталган 6 адамдын Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу доо арызы боюнча отурумун улантты.

Анда жабырлануучулар сот ишинин создукканына жана сотко чакыртуу өтүнүчү коюлган мурдагы губернатор Бектур Асанов менен анын орун басары Тайгожо Гиязов, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаев келбей жатканына нааразы болушуп, аларды мажбурлоо жолу менен сотко күбө катары алып келүүнү талап кылышты. Алардын талабын канааттандырган соттук коллегиянын төрагасы Амангелди Молдобаев аталган үч адамдан башка да сотко катышпай жаткан күбөлөр менен жабырлануучуларды да мажбурлоо жолу менен сотко катыштыруу токтомун кабыл алды.

Анын айтымында, кылмыш ишти кароо 4-декабрда башталгандан бери 203 күбөнүн 57си, 60 жабырлануучунун 13ү гана суралган. Айыпталуучулардын бир жактоочусу да келбегендиктен сот бүгүн жарыш сөзгө кирише албай, бешинчи ирээт жылып, 20-декабрга калды.

Жалал-Абад шаардык соту облустагы өзбек улуттук борбордун мурдагы президенти Батыровду 2010-жылдын май-июн окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыктарга айыптуу деп таап, аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Батыров чет элдик маалымат каражаттары аркылуу өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG