Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Аралдыктар "Талас Коппер Голдго" тоскоол кылбайбыз дешти


Таласта бүгүн Арал айылында Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Талас Коппер Голд” компаниясы боюнча беш тараптуу келишимге кол коюлду. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага жергиликтүү элдин, айыл өкмөттүн, кеңештин жана компаниянын өкүлдөрү кол коюшту. Бешинчи тарап болуп жакын арада Геология жана минералдык ресурстар агенттиги кол коет.

Келишимге ылайык, 2015-жылдын 31-декабрына чейин жергиликтүү эл "Талас Коппер Голддун" жүргүзүп жаткан чалгындоо иштерине тоскоолдук кылбайт. Компания эл жана мамлекет алдында өзүнүн социалдык жана экологиялык милдеттерин так аткарат. Жергиликтүү бийлик келишимдин аткарылышын көзөмөлдөйт.

"Талас Коппер Голддун" кампасын өрттөдү деп айыпталып жаткан 9 кишинин сотуна компаниянын өкүлү катышып, алардын бошотулушун соттон өтүнмөй болду.

Жергиликтүү тургундар Талды-Булакты казууга каршы чыгып келген эле. Былтыр 11-мартта жана 8-октябрда аталган компаниянын лагери эки жолу өрттөлгөн. Ошондон бери иш токтоп турган. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG