Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Каракол: Тонолгон орусиялыктардын буюмдары кайтарылды


Каракол шаарынын мейманканаларынын биринде 9-январдын түнүндө тонолгон үч орусиялык жарандын буюмдары кайтарылып берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Руслан Балапанов билдирди. Тонолгондордун айтымында, 93 миң рубл, 27 миң сом, 4 миң казак теңгеси жана баалуу документтер менен буюмдар жоголгон. Милициянын ыкчам аракеттери менен кылмышка шектүү делген 19 жана 31 жаштагы эки келин кармалган. Экөө тең Жети-Өгүз районунун тургундары экени аныкталды. Суракта алар кылмышын моюнга алып, уурдагандарын кайтарып беришти. Тергөө уланууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG