Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

АКШ: Митт Ромни кайрадан алдыда


Президенттикке республикачыл талапкерди тандоо боюнча Нью-Хэмпшир штатында болгон алдын ала шайлоодо Митт Римни алдыда баратат. АКШнын түндүк чыгышындагы Нью-Хэмпшир кичине штаттардын бири. Бюллетендердин 90 пайыздан көбү саналгандан кийин Массачусетстин экс-губернатору Мит Ромни 39 процентке чукул добуш алганы аныкталды. Экичи орунда 23 процент добуш менен техастык конгрессмен Рон Пол, ага удаа эле АКШнын Кытайдагы мурдагы элчиси Жон Хантсмэн баратат. Өткөн аптада Айова штатында болгон ушундай шайлоодо Ромни чоң эмес артыкчылык менен атаандаштарын жеңген. Эмки праймериз шайлоо Түштүк Каролина штатында 21-январда болот.

Жарыштын жеңүүчүсү 6-ноябрдагы шайлоодо президент Барак Обама менен беттешет.

XS
SM
MD
LG