"Бизде мурдагыдай чоң энергокризиске жол берилбейт", - деп билдирди бүгүн "Азаттыктын" окурмандары менен интернет-эрөөлгө чыккан энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев. Эки сааттык түз байланыш учурунда министр энергетика тармагындагы бүгүнкү проблемалар, пландар, электр жарыгынын туруктуулугу боюнча окурмандардан келген жүздөн ашык суроого жооп берди.
Министрдин айтымында, тармакты оңдоо багытында бир топ жаңы долбоорлор ишке ашырыла баштады. Электр жарыгынын өчүп жатышы энергетиктердин начар иштеп жатканынан эмес, жабдуунун, устун, чубалгылардын эскилиги жеткенине байланыштуу болууда. (RK)