Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Иран физиктин өлүмүнө империалисттерди күнөөлөдү


Тегеранда Натан ядролук ишканасында эмгектенген илимпоз-физик кол салуудан курман болду. Маалыматтарга караганда, белгисиз мотоциклчен магниттик бомбаны профессор Мустафа Ахмади Роушан минип бараткан машинеге жабыштырып кеткен. Ирандын вице-президенти Мухаммад Реза Рахими өкмөттүк "ИСНА" агенттигине берген маегинде профессор Роушандын өлүмү үчүн империалисттик күчтөрдү айыптады. Бирок илимпоз-физиктин өлүмү "Ирандын ядролук программасына жолтоо боло албайт", деди вице-президент Рахими.

Тегерандын орун басар губернатору Сафарали Баратлий профессор Роушандын өлүмү үчүн Израилди күнөөлөдү. Жарым өкмөттүк "ФАРС" агенттиги жардырууну “террордук чабуул” деп мүнөздөдү.

 

XS
SM
MD
LG