Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Пакистан өкмөтү менен армиянын тиреши курчуду


Пакистандын жарандык өкмөтү менен армия ортосундагы тирешүүдөн улам премьер-министр Юсуф Реза Гилани өлкөнүн коргоо катчысын кызматтан айдады. Өкмөттүн маалымдашынча, коргоо катчысы, генерал-лейтенант Наем Халид Лодхи “өкмөттүк мекемелер ортосунда түшүнбөстүктү жараткан чоң жаңылыштыктары жана мыйзамсыз аракеттери үчүн" кызматтан кетирилди. Маалыматка караганда, армиянын өкмөттөгү өкүлү Лодхинин укугу коргоо министриникинен чоң болгон.

Гилани мындай кадамга армия анын комментарийин сындагандан кийин барды. Премьер-министр Гилани апта башында кытайлык гезитке курган маекте армиянын командачысы жана Чалгындоо кызматынын башчысы Жогорку Сот жүргүзүп жаткан тергөөнү мыйзамсыз сындаганын айткан эле.

Жогорку Сот азыр кол коюлбаган меморандумду ким жазганын териштирүүдө. Меморандумдагы армияны башкарууга АКШ көмөктөшөт деген сөз жарандык өкмөт менен армиянын тирешүүсүнө түрткү берген.

XS
SM
MD
LG