Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Иранда уран байыткан окумуштуунун өлтүрүлүшүн БУУ менен АКШ айыпташты


Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Мухаммад Хазаи өз билдирүүсүндө “саясийби, экономикалыкпы, айтор, кандай гана басым болбосун, окумуштууларды өлтүрүү боюнча террор чабуулдары болбосун, биздин элдин өзөктүк программаны иштетүү мүдөөсүнө бөгөт боло албайт” деди.

Кечээ Тегерандагы жардырууда Натан ядролук ишканасында уран байыткан окумуштуу набыт болгону кабарланган. Расмий Тегеран бул үчүн “империалисттик күчтөрдү” айыптады. Вашингтондо мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон болсо: "Ирандагы кандай гана зомбулук болбосун, анын бирөөнө да АКШнын катыштыгы жок деп кескин айта алам", - деди.

XS
SM
MD
LG