Бул тууралуу Кытай төрагасынын атайын өкүлү Чэн Чжили 11-январда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдирди. ТИМ тараткан кабарга ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы 20 жылдык дипломатиялык алака-катыштын жыйынтыгын, кызматташууну дагы кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Казакбаев апрель жана июнь коогасынан кийин көрсөткөн жардамы үчүн кытай тарапка ыраазылык билдирди. (EBM)