Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

ЖК комитеттеринин төрагалары шайланды


Жогорку Кеңеште 11-январда парламенттин комитеттеринин төрагалары шайланды. Ага ылайык, үч комитет – Укук тартиби жана мыйзамдуулук, Бюджет жана каржы жана Депутаттык этика боюнча комитеттин башына “Ата-Журттун” депутаттары келди.

Сот-укуктук маселелер жана Социалдык саясат комитеттерин Социал-демократтар фракциясы, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары, Коррупцияга каршы күрөш комитеттерин “Ата-Мекен” алды.

Ал эми Коргоо жана коопсуздук, Билим, илим, маданият жана спорт, Агрардык саясат суу ресурстары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча комитеттери “Ар-намыс” фракциясына тийди.

“Республика” Эл аралык иштер жана Экономика тармактарын өнүктүрүү комитеттерин алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Коалициялык көпчүлүк 10-январда жыйынга чогулуп Жогорку Кеңештеги комитеттердин түзүмүн бекиткен. Ага ылайык, комитеттердин саны 16дан 13кө азайган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG